Entrepreneurial Activity of Noncommercial Organizations in The Kyrgyz Republic

For optimal readability, we highly recommend downloading the document PDF, which you can do below.

Document Information:


УДК 334
ББК65.9(2К и)29
П 71 Коммерциялык эмес Укуктун Эларалык Борбору (ICNL) АКШнын Эларалык
Өнүгүү Агенттиги (USAID) каржылаган Борбордук Азиядагы республикаларда
жарандык коом уюмдарына укуктук колдоо долбоорунун алкагында даярдаган.
ICNL ушул публикациянын мазмуну үчүн жоопкерчиликте жана бул сөзсүз түрдө
USAID же АКШ Өкмөтүнун көз карашын чагылдырбайт.
Автору: Асель Жунусова, Консультант ICNL
П 71 Коммерциялык эмес уюмдардын Кыргыз Республикасындагы ишкердик
аракеттери./ Автору А.Жунусова. – Б.: 2012 – 18 б.
ISBN 978-99-67-26 -030-6
Бул брошюра Кыргыз Республикасындагы коммерциялык эмес уюмдардын
ишкердик аракеттерин жүргүзүүгө байланышкан маселелерди түшүндүрүү
максатында иштелип чыккан.
Бул басылманын чыгышы америка элинин АКШнын Эларалык Өнүгүү
Агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлгөн жардамынын натыйжасында мүмкүн
болду. “Жарандык коом уюмдарына укуктук жардам берүү” Программасы америка
элинин USAID аркылуу жардам берүү боюнча колдоо көрсөткөн долбоорлордун
бири болуп эсептелет. 1992-жылдан баштап Кыргызстанда демократиялык
и н с т и т у т т а р д ы , с а л а м а т т ы к с а к т о о н у, б и л и м б е р ү ү н ү ж а н а э к о н о м и к а л ы к ө н ү г ү ү н ү
колдогон программаларга американын эли 400 миллион АКШ долларынан ашуун
салым кошкон.
Жоопкерчиликтен баш тартуу жөнүндө билдирүү: Бул брошюрадагы материалдар жалпы
маалымдоого багытталган жана окурмандар аркылуу ар кандай чечим кабыл алуу же ал чечимден баш
тартуу максаттарында колдонулбашы керек. Бул брошюрадагы маалымат юридикалык консультация
катары эсептелбеши керек. Коммерциялык эмес Укуктун Эларалык Борбору (ICNL) бул брошюрадагы
маалыматтардын тактыгы жана толуктугу жана бул брошюраны колдонгондон кийин пайда болгон
натыйжалар үчүн жоопкерчиликте эмес. Кайсы бир чечим кабыл алуунун алдында окурман конкреттүү,
аны кызыктырган суроо менен профессионалдык юридикалык консультацияга кайрылышы керек.

П 71 УДК 334
ISBN 978-9967-26 -030-6 ББК
65.9(2К и)29
© Коммерциялык эмес Укуктун Эларалык Борбору, 2012

3
МАЗМУНУ
Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүү укугу ……………………4
Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүүсүнүн формалары ..5
И ш к е р д и к и ш – а р а к е т т е р и н к о м м е р ц и я л ы к э м е с у ю м д а р д ы н ө з ү
жүргүзүшү.. ………………………………………………………………………………………………………5
Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүүсүндө бухгалтердик
эсептин талаптары …………………………………………………………………………………………..5
Кайрымдуулук уюм статусуна ээ болгон коммерциялык эмес уюмдардын
ишкердик иш-аракеттерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөру …………………….8
Лицензиялоо талаптары ………………………………………………………………………………….9
Салыктар жана Социалдык фондко камсыздандыруу чегерүүлөр …………10
Туунду коммерциялык уюмдарды түзүү …………………………………………………….16
Каттоо ……………………………………………………………………………………………………………..16
А ти ркемеси…………………………………………………………………………………………………… 18

4
КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАРДЫНИШКЕРДИК ЖҮРГҮЗҮҮСҮ
Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) көбүнчө
социалдык маанилүү тармактарда кызмат көрсөтүп иштейт жана өзүнүн
иш аракеттерин каржылоодо кайрымдуулуктардан жана гранттардан
көз каранды. Бирок көптөгөн КЭУ товар сатып же тейлөө кылып ошол
ишти жүргүзүүдөн мыйзамдарга ылайык пайда алууга боло тургандыгын
билишпейт. КЭУнун ишкердикти жүргүзүүсүнө кээ бир чектөөлөр бар.
Бул брошюра КЭУнун ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салган Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун кеңири түшүндүрүп берет.
Ишкердик жүргүзүүдө КЭУ лицензиялоонун татаал процедурасына жана
салык салуу системасы менен кездешиши мүмкүн. Ишкердикти баштоодон
мурда КЭУ профессионалдуу юридикалык, бухгалтердик жана башка
консультацияларга кайрылуу сунуш кылынат.
Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүү укугу
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 12-беренеси КЭУнун ишкердикти жүргүзүүсүнүн негизги
принциптери бекитилип берилген:
«Коммерциялык эмес уюм өндүрүштүк ишти чарбалык, анын
ичинде табылган пайданы уюштуруучулардын, мүчөлөрдүн, кызмат
адамдарынын, жана башкаруу органдарынын башка кызматкерлеринин
мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрбөстөн иштөөгө укуктуу. Мындай иш,
эгерде алар уюмдун максаттарына жана милдеттерине каршы келбесе,
товарларды өндүрүү жана сатып өткөрүү, сыйлык акы алуу менен
жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана ишкерчилик
иштин башка түрлөрүн камтышы мүмкүн».
Кыргыз Республикасынын граждандык кодекси (КР ГК) ишкердикти
«Пайда алууга багытталган, өзүнүн тобокелге салуусу менен жүзөгө
ашырылган иш ээлик кылуу иши болуп эсептелет»
1 деп аныктайт. Кыргыз
Республикасынын Салык кодекси (КР СК) «ишкердик иш-аракет» жана
«экономикалык иш-аракет» түшүнүктөрүнө ар башкача аныктамаларды
берет. КР Салык кодекси «ишкердик иш-аракет» түшүнүгүн аныктоодо КР
ГКга таянат. КР СКга ылайык экономикалык иш-аракет болуп ишкердик
1 1-статья (4) КР Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майы №15 (2009-жылдын 12-октябрындагы №216 Мыйзамындагы өзгөртүүлөр менен)

5
жана башка иш-аракеттер саналат. «Башка иш-аракет» түшүнүгү банка,
компаниялардын уставдык капиталдарына акчалай каражаттарды салууну
жана башка
2 аракеттерди камтыйт. Бул брошюра ишкердик жүргүзүүнүн
маңызын түшүндүрүүгө арналган.Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүүсүнүн
формалары
КЭУнун ишкердик жүргүзүүсү төмөнкүчө ишке ашырылышы мүмкүн:
(1) түздөн-түз уюмдун өзү тарабынан, же
(2) туунду коммерциялык уюмдарды түзүү аркылуу ишке ашырылышы
мүмкүн. Мында туунду коммерциялык уюм алынган пайданы
уюштуруучуларга, б.а. КЭУга өткөрүп берет, ал өз кезегинде бул
каражаттарды өзүлөрүнүн түзүлгөн максатына жумшайт.
Ишкердик иш-аракеттерин коммерциялык эмес уюмдардын өзү
жүргүзүшү
Ишкердик иш-аракеттерин жүргүзгөн КЭУ төмөнкүдөй үч шартты
4
сакташы керек: (1) пайда көрүү уюмду түзүүнүн негизги максаты
болбоого тийиш, (2) табылган пайда КЭУнун катышуучуларынын
(уюштуруучулардын), мүчөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлбөшү керек, (3)
КЭУнун ишкердиги бул уюмдун максаттарына жана милдеттерине карама-
каршы келбөөгө тийиш. Мисалы, тамеки чегүү менен күрөшүү максатында
түзүлгөн коомдук бирикме тамеки заттарын сатууга укугу жок, анткени
тамеки каражаттарын сатуу бул уюмду түзүүнүн максатына карама-каршы
келмек.
Коммерциялык эмес уюмдардын ишкердик жүргүзүүсүндө
бухгалтердик эсептин талаптары
Эгерде КЭУ ишкердик иш-аракеттерди гана алып барып жаткан болсо,
мисалы, акылуу семинарларды өткөрсө жана коммерциялык эмес иштерден
кирешеси жок болсо (мисалы, гранттар), анда КЭУ бухгалтердик эсепти
коммерциялык уюмдардай эле жүргүзөт. Мындай уюмдар уставда каралган
коммерциялык эмес иш-аракеттерди жүргүзгөн жана киреше табууга
2 КР СК 21- беренесинин 3-пунктуны ылайык «Башка иш-аракет» деп төмөнкүлөр эсептелет: (1) Эмгек мыйзамдарына ылайык иш-
аракеттерди жүзөгө ашыруу; (2) банкка акчалай каражаттарды салуу; (3) баалуу кагаздарды сатып алуу, өткөрүү же сатуу, жеке же
юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү; (4) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша ар кандай
төлөмдөрдү алуу; (5) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын акысын алуу; (6) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу
суммасын (ордун толтурууну) алуу; (7) ишкердик иш-аракет болуп саналбаган башка иш-аракеттер
3 Берене 150 КР ГК 8 май 1996 ж. №154 Берене 2 КР « Коммерциялык эмес уюмдар» мыйзамы 15 октябрь 1999 ж. №111

6
байланышпаган иш-аракеттерден болгон бардык чыгашалары КЭУнун
пайдасынан салыктар төлөнгөндөн кийин гана мүмкүн экендигин эске алуу
керек. КЭУ бир эле мезгилде уставдык коммерциялык эмес жана ишкердик иш-
аракеттерди ишке ашырган жана пайда салыгынан бошотулган (мисалы,
гранттар, кайрымдуулук) жана пайда салыгы төлөнүүчү (мисалы, товар
сатуудан же тейлөөдөн болгон киреше) ишкердикти ишке ашыруусу кеңири
жайылган. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп
жөнүндө мыйзамдарынын талаптары боюнча КЭУ эки өзүнчө бухгалтердик
эсеп китептерин жүргүзүшү керек: (1) программалык (коммерциялык эмес)
иштери боюнча; (2) ишкердик (коммерциялык) иш-аракеттер боюнча.
Албетте, ар бир салыктын түрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүү абдан
маанилүү: − пайдага салык боюнча;
− КНС боюнча;
− сатуудан алынуучу салык боюнча;
− мулк салыгы боюнча.
КЭУнун өзүнүн уставдык коммерциялык эмес аракеттеринин
натыйжасында алынган гранттар, кайрымдуулук же мүчөлүк акылар сыяктуу
кээ бир кирешелердин түрлөрү уставдык иш-аракеттерин жүргүзүүгө
коротулуп бүткөнгө чейин киреше салыгынын объекти болуп эсептелбейт.
Коммерциялык эмес иш-аракеттердин салык салынбаган киреше жана
чыгаша эсеби жүргүзүлгөн бухгалтердик китеп жана салык органдарына
берилген сметаны аткаруу отчетунун аягында нөл балансы болушу
зарыл, анткени бүт кирешелер уставдык максаттарга колдонулгандыгын
көрсөтүш керек. Эгерде КЭУ коммерциялык эмес иш-аракеттеринин
натыйжасында чыгарып алынган каражаттарынын баарын коротуп бүтпөсө,
анда коротулбаган каражат салык төлөнүүчү киреше болуп эсептелинет.
Андан тышкары бардык коммерциялык эмес иш-аракеттерге байланыштуу
чыгашаларды дыкаттык менен документтештирүү жана бул чыгашалардын
чындыгында уставдык максаттарга жумшалгандыгын камсыз кылуу өтө
зарыл. Андай болбосо салык органы документтештирилбеген же уставдык
максаттарга жумшалбаган чыгашаларды эсепке албай коюшу мүмкүн.
Мындай кирешелер КЭУнун салык салынуучу кирешеси болуп эсептелинип
калат жана КЭУ эсепке алынбаган суммага пайдага салык төлөшү керек
боло т. Бир эле мүлктү же чыгашаларды коммерциялык эмес жана коммерциялык
ишкердүүлүктү ишке ашыруу үчүн пайдаланган КЭУларда кошумча суроолор
пайда болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик эсептин
эрежелери коммерциялык жана коммерциялык эмес иш-аракеттеринен

7
алынган кирешеден болгон чыгашаны пропорционалдуу түрдө бөлүү
ыкмасын колдонууну сунуш кылат. Бул ыкманын мааниси төмөндөгүдөй:
киреше чыгарып алуу менен байланыштуу чыгашалар (пайдага салык
салынбай турган жана салык салынуучу) чыгарып алынган кирешелерге
(салык салынбай турган жана салык салынуучу) пропорционалдуу түрдө
уюмдун жалпы кирешесине карата бөлүнөт. Эгерде уюм бир гана иш-аракеттин түрүн аткарчу болсо (мисалы,
грант эсебинен коммерциялык эмес иш аракет, же коммерциялык иш-
аракет), анда бөлөк-бөлөк бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн кажети жок
болот. Бухгалтердик эсеп Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп
жөнүндө мыйзамдарынын жана Каржылык отчеттуулуктун эл аралык
стандарттарынын (КОЭАС) талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Эгерде уюм (КЭУ) бир убакытта коммерциялык эмес (грант келишимин
жүзөгө ашыруу) жана коммерциялык иш-аракеттерди ишке ашырса, анда
каржылык маалымат донорлор, аудитордук компаниялар жана салык
кызматынын органдары жактан текшерүүлөр өтүп жатканда ачык болуш
үчүн аналитикалык эсеп бөлөк-бөлөк жүргүзүлөт. Бул үчүн ар бир уюм үчүн
ал уюмдун өзгөчөлүктөрүн эсепке алып бухгалтердик эсепти жүргүзүү
боюнча иштөө механизминин жолун иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, эгер КЭУ
бир отчеттук мезгилдин ичинде 5000 долларга барабар грант (бошотулган
киреше) алса жана ишкердик иш-аракеттен (акылуу семинар өткөргөн) 500
долларга барабар болгон киреше алган болсо, анда семинар өткөрүлгөн
жана КЭУнун штаты жайгашкан имаратты кармоо чыгымы (ижарасы)
төмөндөгүдөй бөлүнүш керек: 91% – коммерциялык эмес иш-аракет, 9% –
ишкердик иш-аракет. Берилген мисалда, ишкердикдик натыйжасында
чыгарылып алынган салык салынуучу киреше имараттын кармоого
(ижарасына) болгон чыгымынын суммасын офис урунууга (ижарага)
болгон жалпы чыгашалардан 9% азайтуу мүмкүн. Пропорционалдуу
методду колдонгон учурда, мисалы, КЭУнун жетекчиси ишкердик иш-
аракеттерди уюштуруу жана жүргүзүү үчүн көп убакыт короткон болсо,
бирок андай ишкердиктен табылган киреше гранттардан болгон кирешеге
салыштырганда маанилүү эмес болсо, анда жетекчи ишкердиктен болгон
кирешеден чыныгы коротулган убакытты кармап алып калалбай анын
маанилүү эмес гана бөлүгүн (ишкердиктен болгон кирешенин уюмдун
жалпы кирешесине пропорционалдуу түрдө) кемите ала тургандыгын эсте
тутуш керек. Андан тышкары, тажрыйбада бул чыгашаларды кантип бөлүү
жана документештирүү боюнча көп суроолор пайда болот. Кээ бир уюмдар
салык органдары менен көйгөйдөн ары болуш үчүн мындай чыгашаларды
ишкердик иш-аракеттерден болгон кирешеден кемитпейт. Кандай да болбосо коммерциялык эмес иш-аракеттерден жана
ишкердиктен киреше табуучу КЭУ мыйзамдардын талаптарын толук билүү

8
боюнча кеңеш алуу үчүн абдан тажрыйбалуу бухгалтерге жана салык
органдары менен иштөө тажрыйбасы бар салык боюнча консультантга
кайрылышы зарыл.Туунду коммерциялык уюмдарды түзүү аркылуу ишкердик иш-аракетин
жүргүзгөн жана бухгалтердик эсепти бөлүп алып барган КЭУларда салык
органдары менен талаш- тартыш азыраак болот. Бирок эки уюм тең (КЭУ
жана туунду коммерциялык уюм) кызматкерлерди, офисти ж.б. бирге
колдонгон учурдагы көйгөйдү чече албайт, мындай жагдай жогоруда
айтылгандай талаш-тартыштын себеби болушу мүмкүн.
Кайрымдуулук уюм статусуна ээ болгон коммерциялык эмес уюмдардын
ишкердик иш – аракеттерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
Коомдук бирикмелер, фондулар жана мекемелер сыяктуу КЭУлар
«Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө» КР Мыйзамына (6-ноябрь,
1999-ж.) ылайык ыктыярдуу башталышта кайрымдуулук уюму статусун ала
алышат. Кайрымдуулук уюмунун статусу ишкердик жүргүзүүдө бир топ
салыктык жеңилдиктерди берет, бирок ошол эле учурда катардагы КЭУларга
караганда бир топ татаал талаптарга ылайык келүүгө милдеттендирет. КР Салык кодексинин 153-беренесинин 2-пунктуна ылайык
«Кайрымдуулук уюму»
5 – коммерци я лык эмес у юм, (а) коммерци я лык эмес
уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө
ашыруучу; (б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу жана оюн-зоок
бизнесин жүргүзүү боюнча иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген; (в)
саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган уюм. Кайрымдуулук уюмунун иш-аракети кайрымдуулук уюмунун
максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеши керек
6, ошол
максаттарга жетишүү үчүн гана бул максаттарга ылайык келүүчү ишкердик
ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Мисалы, майыптарды колдоо боюнча
коомдук бирикме майыптар үчүн атайын товарларды сатуучу (мисалы,
майыптардын коляскасы, протез ж.б.) дүкөн ачууга укуктуу, бирок
ишкердиктин башка түрлөрү менен, мисалы тигүү цехин ачууга же башка
товарларды сатуу менен алектенүүгө укугу жок. Эгер кайрымдуулук уюму
аны түзүүнүн максатына ылайык келбеген ишкердик менен алектенсе, ал
кайрымдуулук уюмдарына берилүүчү салыктык бардык жеңилдиктерден
айрылат. Ошентип, кайрымдуулук уюму тарабынан ишкердик иш-аракеттерди
жүргүзүү укугу катардагы башка КЭУларга караганда чектелген. Бирок,
5 КР Салык Кодекси, 153-берене, 2-пункт6 Берене 7 КР «Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө

9
башка КЭУларга караганда (КЭУлардын ишкердиктен болгон пайдасына
салык салынат), кайрымдуулук уюмдар пайдасына салык салуудан
бошотулат.ИШКЕРДИК ИШ -АРАКЕ ттЕР
КЭУлардын жана Кайрымдуулук уюмдардын ишкердик иш- аракеттерин жүргүзүүгө укуктарынын салыштырмасы
(КЭУдардын жана Кайрымдуулук уюмдардын уруксатталган ишкердик иш-аракеттеринин чегинин салыштырмасы)
КЭУ Кайрымдуулук уюму
Мындай чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы
олуттуу кемчилик болуп саналат жана КЭУлардын кайрымдуулук уюму
статусун алуусуна жолтоо болот.
Лицензиялоо талаптары
Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердиктин айрым түрлөрүн
жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) алуу талап кылынат.
Лицензиялоого байланыштуу болгон мамилелер «Лицензиялоо жөнүндө»
7
Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жөнгө салынат. Лицензия
алуучуга (лицензиатка) лицензия берүү мыйзамдар тарабынан аныкталган
министрликтер, ведомстволор жана башка башкармалыктар (лицензиарлар)
тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик кылуунун
30 түрүн жүргүзүүгө милдеттүү түрдө лицензия талап кылынат,
алардын ичинде: дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды,
медикаменттерди жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан
башка учурларда, даярдоого жана реализациялоого; шаар курулушу;
7 «Лицензиялоо жөнүндө» КР Мыйзамы, 3-март, 1997-жыл (соңку өзгөрүүлөрү менен 2011-жылдын 21-декабрындагы N 242).

10
мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине; почта, электр байланышы,
маалымат берүү, телерадиоберүү жагындагы иш-аракеттер; билим берүү
ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана орто
билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим
берүү мекемелеринен тышкары); уулуу материалдардын жана заттардын,
анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилдештирүүгө,
жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө; юридикалык ишке жана башка
ишкердиктин түрлөрүнө
8.
Лицензиялар субьектилер боюнча, иштин көлөмү боюнча, колдонуу
убактысы боюнча, колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча, ээликтен
ажыратуу мүмкүнчүлүгү боюнча айырмаланышат. Ишмердүүлүктү жүргүзүүгө ниеттенген КЭУ болжолдонгон
ишмердиктин түрүн «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 9-беренеси менен салыштырып, ошол ишкердикти жүргүзүүгө
лицензиянын керектигин аныкташы керек.
Салыктар жана Социалдык фондко камсыздандыруу чегерүүлөр
КЭУлар салыктарды төлөөгө жана Социалдык фондко камсыздандыруу
чегерүүлөрүн жүргүзүүгө милдеттүү.
Пайдага салык. Салык мыйзамдары жалпы эреже боюнча КЭУларды
пайдага салыктан бошотпойт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
189-беренесине ылайык төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:
« 3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:
а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;
б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам
жана гранттар; в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган
активдердин наркы; г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды
техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм; д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонулуучулар ассоциациясы тарабынан
көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу
боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм».
Эгер пайдага салык салынуучу база түзүлсө, андан 10% ставка салык
а л ы нат.
8 Милдеттүү түрдө лицензия талап кылган ишкердиктин бардык түрлөрү «Лицензиялоо жөнүндө» КР Мыйзамында каралган.

11
Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат 9: I жана II топтогу 10
майыптардын коомдорунун, ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр
коомунун иштегендердин жалпы санынын кеминде 50 пайызын майыптар,
азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жылдык эмгек
акы фондунун кеминде 50 пайызын түзгөн учурда. Көрсөтүлгөн уюмдардын
т и з м е с и К ы р г ы з Р е с п у б л и к а с ы н ы н Ө к м ө т ү т а р а б ы н а н а н ы к т а л а т
(А тиркемесин караңыз). Кайрымдуулук уюмдардын пайдалары пайдага салык салуудан
бошотулат
11.
Сатуудан алынуучу салык. Сатуудан алынуучу салык – бул сатуу
учурунда пайда болгон кыйыр салык. Эгер келишимде баасы бардык кыйыр
салыктарды өзүнө камтыйт деп жазылса, анда ал товарлардын, иштердин,
кызматтардын наркына кошулат жана келишимдин суммасына камтылат.
Сатуучу бул салыкты топтоп ай сайын салык органдарына тапшырууга
м и л д е т т ү ү. Сатуудан алынуучу салыктын ставкасы (1) товарларды, иштерди,
кызматтарды жүзөгө ашырууга кошумча нарк салыгы (КНС)
салынгандыгына же КНСтен бошотулганына, жана (2) эгерде бул товар
болсо, анда бул ишкердик соода иши (соода иши деп «сатуу максатында
сатып алынган товарларды сатуу боюнча иштер» түшүнүлөт)
12 болгонуна
жараша ар түрдүү. КНС салынган же КНСтен бошотулган товарларды, иштерди, кызмат
көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруунун ставкасы соода ишмердиги боюнча
1 пайыз өлчөмүндө, жана соода эмес ишкердиктен 2 пайыз өлчөмүндө
алынат. Эгер товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу
КНСти төлөбөй турган салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлсө жана КНСтен
бошотулган ташып келүүлөргө кирбесе, анда сатуудан алынуучу салыктын
ставкасы соода ишкердиги боюнча 2 пайыз өлчөмүндө жана соода эмес
ишкердиктен тийиштүү түрдө 3 пайызды түзөт. Коммерциялык эмес уюмдардын беримдерин ишке ашырууга кеткен
чыгымдан ашпаган акы үчүн ишке ашырылуучу беримдер КНСтен
бошотулган беримдер болуп эсептелет, эгерде: 1) балдарды же улгайган курактагы жарандарды социалдык колдоо же
коргоо үчүн; 2) билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт
тармактарындагы беримдер болсо.
9 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 2-пункту10 Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча майыптар 3 топко бөлүнүшөт: I топко 100% эмгекке жараксыз жана жардамга муктаж болгон
майыптар кирет, II топко 100% эмгекке жараксыз майыптар кирет, III топко 30% эмгекке жараксыз майыптар кирет. Адам майыптыктын кайсы
түрүнө тийиштүү болгондугу атайын комиссия тарабынан аныкталат.
11 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-пункту12 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренеси

12
Кайрымдуулук уюмдардын ишкердиктеринин бардык түрлөрү (алардын
ичинде коммерциялык ишкердик) сатуудан алынуучу салыктан толугу
менен бошотулат. Бирок бул үчүн эки талапты эстен чыгарбаш керек: 1) «Кайрымдуулук уюм» Кыргыз Республикасынын коммерциялык
эмес уюмдары жана кайрымдуулук уюмдары жонүндөгү мыйзамдарынын
талаптарына ылайык келиш керек; 2) киреше чыгымдан көп болбошу керек: «Кайрымдуулук иш-аракеттери»
– жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди пайда көздөбөй
берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды
сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана
жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын
ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын
ыктыярдуу иш-аракети.
Киреше салыгы жана Социалдык фондко камсыздандыруу төлөмдөрү.
Бардык коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө
милдеттүү: 1) өзүлөрүнүн менчик каражатынын эсебинен Социалдык фондко
жалданган жумушчулардын пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык
түрлөрүнө 17,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө (жумуш
берүүчүнүн үлүшү); жана 2) жумушчуларга эсептелген айлык акыдан кармап калып:− жумушчуларга эсептелген эмгек акыдан 10% өлчөмүндө социалдык
фондуга камсыздандыруу төлөмүн төлөйт (жумушчунун үлүшү); − жумушчунун пайдасына эсептелген эмгек акынын 10% өлчөмүндө
мамлекеттик бюджетке төлөөгө милдеттүү.
КЭУнун жумушчуларына киреше салыгы жалпы негизде салынат.
Алар эмгек акы салык салынбоочу кирешелерден төлөнгөнүнө карабастан
киреше салыгын төлөшөт. Жумушчулардан киреше салыгын чогултуп төлөө
милдетин иш берүүчү аткарат. Алынган кирешелерден Социалдык фондуга
чегерүүлөр, ошондой эле жеке адамдарга уруксат берилүүчү стандарттык
чыгарып салуулар жүргүзүлөт. Калган суммага жогоруда көрсөтүлгөн
10%тик суммада салык салынат.
Кошумча нарк салымы (КНС).
Эгерде КЭУлар ырааттуу 12 айдын ичинде же болбосо ырааттуу 12
айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 4 миллион
сом суммасынан ашкан товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү (салык салынуучу берүүлөрдү) жүзөгө ашырса, КНС төлөөчү

13
катары каттоодон өтүп, салык төлөп, ай сайын отчет берип турушу керек.
Мында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 224-беренесине
ылайык, салык салынуучу беримдерге КНСтен бошотулган жана КНС
боюнча салык салынуучу объект болуп эсептелбеген беримдер кирбейт.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 251-беренесине ылайык,
кайрымдуулук уюмдарынын КРнын «Меценаттык жана соопчулук
иши жөнүндөгү» мыйзамына ылайык болгон кайрымдуулук максаттагы
беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 252-беренесине ылайык,
коммерциялык эмес уюмдардын беримдерин ишке ашырууга кеткен
чыгымдан ашпаган акы үчүн ишке ашырылуучу беримдер КНСтен
бошотулган беримдер болуп эсептелет, эгерде: 1) балдарды же улгайган курактагы жарандарды социалдык колдоо же
коргоо үчүн;
2) билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт
тармактарындагы беримдер болсо. Салыкты ушул талаптарга ылайыктуу эмес болгондо гана эсептөө керек.
Эгер каттоо чегине жетсе, башкача айтканда бошотулбаган беримдердин
көлөмү 4 миллион сомго жетсе, анда уюм кийинки айдын ичинде салык
кызматына КНС боюнча каттоого турушу керек жана качан гана ал чекке
жетпестен каттоосун токтотконго чейин ай сайын мындай салыкты
төлөп отчет берип турууга тийиш. КНСтин ставкасы бардык тапшырып
өткөрүүлөргө жана импортко 12% өлчөмүндө белгиленет. КНСти эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт: эгер товарлар, иштер жана
кызматтар КНС төлөөчүдөн алынса, анда эсеп-фактурада салыктын суммасы
сатып алынгандын баасынан бөлүнүп жазылат. Отчет түзгөн учурда салык
төлөөчү бир айдын ичинде өзүнүн кардарларына берген КНСтин суммасын
эсептеп чыгат, андан кийин төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСти
чыгарып салат. Эгер тапшырып өткөрүүлөргө болгон КНС сатып алууларга
болгон КНСтен ашса, анда келип чыккан айырма бюджетке төлөнөт. Эгер
жыйынтыгы тескерисинче болсо, анда алынган сумма болочок мезгилдин
салыгын төлөө үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жыйыла берет.
Акциздик салык. Акциздик салык боюнча КЭУларга эч кандай
жеңилдик каралбаган. Бирок көпчүлүк КЭУлар акциздик товарларды
13
өндүрүүгө кызыгышпайт. Ишкердиктин мындай түрү менен алектенишкен
кайрымдуулук уюмдар кандай ийги максаттарды көздөшкөнүнө карабастан
токтоосуз түрдө өзүлөрүнүн статусун жоготушат.
13 Акциздик товарлардын тизмеси Кыргыз fеспубликасынын bалык кодексинин 285-беренесинде аталган. Алардын ичинде: алкоголдук
ичимдиктер, тамеки буюмдары, нефти продуктулар жана башкалар

14
Жер салыгы. Жер салыгы жерлерге менчик же пайдалануу укугун берген
документи бар жактардан алынат. Төмөнкүдөй жерлерге салык салынат:
айыл чарба жерлерине, калктуу конуштардын жерлерине, өнөр жайдын,
транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер, анын
ичинде коргонуунун жерлери, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоочу,
рекреациялык, токой фондунун жерлери ж.б. Жер салыгынын ставкалары
жердин жайгашкан жерине жана классификациясына (багыттуулугуна)
ылайык Салык кодексинде белгиленет. Айрым КЭУлар жер салыгынан
бошотулат. Салык Кодексинин 180-беренесине ылайык диний уюмдардын,
майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга
теңделген адамдардын, азиздер жана дүлөйлөр коомдорунун жерлерине
салык салынбайт
14.
Мүлк салыгы.
Мүлк салыгы мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте болгон
кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө салынат. Мүлк салыгынын
жер салыгынан айырмасы жер салыгы жер тилкелерине карата гана
колдонулганында. Мүлк салыгын төлөөчү болуп менчик ээси эсептелет.
Эгер мүлктүн менчик ээсин аныктоого мүмкүнчүлүк болбосо (мисалы,
мүлккө укугу катталбаган болсо), анда бул мүлктү колдонуп жаткан уюм
же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат. Жекече колдонууга
берилген мамлекеттик мүлккө мүлк салыгы салынат, мындай учурда салык
мүлктү пайдалануучу тарабынан төлөнөт. Салык кодексине ылайык кыймылсыз мүлк объектилери төрт топко
бөлүнөт: (1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же
убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү; (2) турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу
үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр
жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же
пайдаланылган башка капиталдык курулуштар; (3) ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган
киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан
жасалган убактылуу жайлар; (4) транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана
механизмдер. Салыктын ставкасы ишкердик иште колдонулган мүлк объекттери үчүн
салык салынуучу базанын 0,8 пайызында. Эгерде мүлк ишкердик иште
колдонулбаса, салыктын ставкасы салык салынуучу базанын (нарктын) 0,35
14 Кыргыз fеспубликасынын bалык кодексинин 343-беренесинин 5-пгункту.

15
пайызында белгиленет. Төртүнчү топтогу мүлк объекттери үчүн салыктын
ставкасы чыгарган жылына, пайдалануу мөөнөтүнө, кыймылдаткычтын
жумушчу көлөмүнө, түрүнө жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүнө
жараша аныкталат.Коммерциялык эмес уюмдардын статусу уюмду мүлк салыгын салуудан
бошотпойт. Бирок КЭУнун офис катары (коммерциялык эмес максат үчүн) иштетилген
мүлкү жогоруда көрсөтүлгөн бир да топко кирбейт. Демек КЭУнун мындай
мүлкүнө мүлк салыгы салынбашы керек. Бирок бул мыйзам жаңы колдонула
баштады жана тажрыйбада салык органдары мүлк салыгын төлөөнү талап
кылышы мүмкүн. Эгер КЭУнун кыймылсыз мүлкүнүн бөлүгүн ижарага берип жаткан
болсо же коммерциялык ишкердикте пайдаланса, анда бүт мүлк 2 топ
болуп классификацияланат жана салык салынуучу базанын 0,8 пайызында
салык салынат. Башкача айтканда, бир кыймылсыз мүлктүн бөлүктөрүн
пропорционалдуу түрдө ар кайсы топтун (1 же 2 топ) катарына киргизүү
механизми жок. Төмөнкүдөгү мүлк салык салууга жатпайт:
1) I жана II топтогу
15 майыптар коомунун, Кыргыз азиздер жана
дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр
иштегендердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзсө жана
алардын эмгек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайыздан кем
эмесин түзсө, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин
жана ишканаларынын мүлк объектилери. Аталган ишканалардын тизмеги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат (Тиркеме А); (2) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык
жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз камсыз
болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын
2-топтогу мүлк объекттери. Коммерциялык эмес уюмдар кыймылсыз мүлк обьектилерине салык
төлөөчү салыктык каттоодо турган жеринде квартал сайын ошол кварталдын
үчүнчү айынын 20-числосуна чейин жыл ичинде бирдей үлүштөр менен
төлөй т. Са л ы к төлөөч ү т үздөн т үз м үл к объек т иси н и н а л д ы н да жай гаш кан
жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын
суммасына мүлк салыгынын суммасын азайтууга, бирок ушул мүлк
объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес
суммада азайтууга укугу бар. Эгер жер салыгынын суммасы мүлк салыгынын
суммасынан көбүрөөк болсо, анда жер салыгы толук төлөнүп, бирок салык
төлөөчү мүлк салыгын төлөбөйт. Салык төлөөчү тараптан төлөнгөн түздөн
15 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, 8-май, 1996-жыл (соңку өзгөрүүлөрү менен 2009-жылдын 12-октябрындагы N 263),
150-берене

16
түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер жана кыймылсыз мүлк
салыктарынын суммасы натыйжада жер же мүлк салыгынан көбүрөөк.туунду коммерциялык уюмдарды түзүү
КЭУ өзүнүн туунду коммерциялык уюмун түзүп, анын ишмердүүлүгүнөн
киреше алышы мүмкүн. «Эгерде башка чарбалык (негизги) коом же шериктештик өзүнүн
капиталындагы күчү басымдуулук кылса, же алардын ортосунда түзүлгөн
келишимге ылайык, же башка жолдор менен мындай коом кабыл алуучу
чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүгү болсо, андай коммерциялык уюм
туунду деп таанылат»
16.
Бул туунду уюмдар КР мыйзамдарында коммерциялык уюмдар үчүн
каралган уюштуруу-укуктук формаларында түзүлөт (мисалы, Жоопкерчилиги
чектелген коом, Кошумча жоопкерчилиги бар коом, Акционердик коом ж.б.).
Туунду уюмдун ишкердик иш аракетти жүзөгө ашыруусу чектелбейт, ал
чектөөлөр КЭУларга гана тийиштүү. Эгер ал киреше (пайда) тапса, анын
кирешесинин бир бөлүгү тийиштүү органын чечими боюнча ал уюмду
түзгөн КЭУга толук же толук эмес боюнча берилиши мүмкүн.
Каттоо. Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды,
филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамы
«бирдиктүү терезе» принциби боюнча каттоо системасын орноткон. Бул
принцип боюнча юридикалык жактарды (анын ичинде КЭУлардын туунду
коммерциялык уюмдарын) каттоо учурунда арыз ээси каттоо арызын
бир гана мамлекеттик органга тапшырат (Юстиция министрлиги же
анын аймактык түзүлүштөрү), калган керектүү операциялар мамлекеттик
органдар тарабынан маалымат алмашуу аркылуу аткарылат.
Каттодон өтүш үчүн төмөнкүдөгү докуметтерди тапшыруу керек:
1) каттоо арызы;
2) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуру-
учулардын) чечими;3) Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамында каралган
башка документтер.
Эгер каттоочу органдын адиси тапшырылган документтерде кандайдыр-
бир кемчилик таппаса, анда «бирдиктүү терезе» принцибине ылайык
16 Кыргыз fеспубликасынын Граждандык кодекси, 1996-ж.,8-май, №15. 150-берене

17
мамлекеттик каттоо жүргүзүү менен бир эле учурда салык, статистика
жана Социалдык фонд органдарында каттоого алуу жана эсепке коюу
ишке ашырылат; мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышын,
каттоо номерин, ИСНди, ИУЖК кодун, мамлекеттик каттоонун датасын
жана юридикалык дарегин көрсөтүү менен, каттоо үчүн белгиленген 3
күндүк мөөнөттүн ичинде (коммерциялык уюмдар үчүн, алардын ичинде
туунду уюмдар үчүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет. Уюм
мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыккан кезден баштап мамлекеттик
каттоодон өттү деп саналат. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин иш
аракетин башташ үчүн КЭУ мөөр заказ берип банкта эсеп ачуусу керек.Юридикалык жактарды (анын ичинде КЭУларды) мамлекеттик каттоо
үчүн төлөм алынат, анын өлчөмү мыйзам тарабынан аныкталат. Бүгүнкү
күндө Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 20-октябрындагы
буйругуна ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөгү төлөмдөр алынат: 1) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) – 224 сом;
2) иш-аракетин токтотууну каттоо – 192 сом;
3) күбөлүктүн дубликатын берүү жана мамлекеттик реестрден маалымат
берүү – 64 сом. Арыз берүүчүлөр андан тышкары мамлекеттик каттоо жөнүндө
күбөлүктүн бланкына 11 сом төлөшү керек. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн төлөмдөр каттоо (кайра
каттоо) жөнүндө күбөлүктү алуудан мурун төлөнөт, юридикалык жактын
иш-аракетин токтотуу учурунда – документтерди каттоочу органдарга
берүүдөн мурда төлөнөт. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн төлөмдөр
накта акча менен төлөнөт, арыз берүүчүгө тийиштүү квитанция берилет.

18
А тиркемеси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы
N 736 токтому менен бекитилген
I жана II топтогу майыптар коомунун ишканаларынын, ошондой
эле Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун аларда иштеген майыптардын жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзгөн жана
алардын эмгек акысы пайдага салыктан бошотулган акынын жалпы фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзгөн уюмдардын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги N1 окуу-
өндүрүштүк ишканасы.
2. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги N2 окуу-
өндүрүштүк ишканасы.
3. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги N3 окуу-
өндүрүштүк ишканасы.
4. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Карек» жоопкерчилиги
чектелген коому.
5. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Садовое окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
6. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Кант окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
7. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
8. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Каракол окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
9. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Ош окуу-өндүрүштүк ишканасы.
10. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
11. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу-өндүрүштүк
ишканасы.
12. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармасы.
13. «Орбита» пансионаты.
14 . Кыргызстан майыптарынын республикалык көз карандысыз
ассоциациясы.
15. «Жакшылык» турак жай менчик ээлеринин шериктештиги.
16 . «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Медикос» медициналык
борбору» ЖЧКы.